Миллиардердин кеңеши: Кантип бай боло турган баланы тарбиялап чыкса болот?

30 января 2018 13:55 2639 Barometr
Поделиться в:
ok

Азиядагы эң жаш миллиардер  аны Forbesтун тизмесине киргизүүгө шарт түзүп тарбиялаган ата-энесине чоң ыраазычылык билдирет. Дегеле жашоодо чоңойгон кезде ийгиликке жеткире турган тарбиялоо ыкмалары же сапатттар менен жөндөмдөр барбы? Филиппиндик миллиардер Эдгар Инджап ата-энелер үчүн мындай ыкмалар бар деп эсептейт.  

Инджап учурда 39 жашта жана “Forbes Asia” рейтингинде эң бай адам деген статуска ээ. Ал  26 жашында Филиппинде “Mang Inasal” тез тамактануу жайларын уюштурган жана жети жылдын аралыгында бүтүндөй өлкө боюнча 338 филиал ачууга жетишкен. Андан соң ал өзүнүн бизнесин чоңураак компанияга 100 миллион долларга сатып жиберип, кыймылсыз мүлк тармагындагы жаңы долбоорго инвестиция салган. 2016-жылы 1,2 миллиард доллар кирешеси менен Инджап Forbes Asia рейтингинин 17-катарынан орун алды.

Өзүнүн тыгыз графигинде филипиндик бай китеп жазууга дагы убакыт тапкан. Анын бири болочокто чыныгы олигархты тарбиялоонун  ыкмаларын үйрөткөн китеп. Independent  Инджаптын китебиндеги ата-энелерге кеңештерден төрттү сунуштады.

1. Балдар үчүн сыймыктануунун үлгүсү болгула!

Инжаптын айтымында, анын-ата-энеси ага жана бир туугандарына эмгекке болгону сүйүүнү жана чынчыл болууну үйрөтүшкөн. Ал бала чагында ата энеси кирпич кынагандай өздөрүнүн бизнесин жүргүзүп жатканын көрүп, кошо аралашып жүрүп үйрөнгөн. Алардын азык-түлүк саткан дүкөнү болгон. Өз кезегинде ата-энеси аны нөлдөн баштап иштетишкен. “Мен ата-энем майда-чүйдөдөн баарын өздөрү жасап жатканын көргөн учурда ишкердик духум андан ары чыңалып, өнүккөн дейт”,- олигарх.   

2. Балдардын аз болсо да өз милдеттери болсун!   

Инджап өзүнүн ата-энесинин азык-түлүк дүкөнүнө сегиз жашынан тартып жардам бере баштаган. Анын милдети момпосуй салынган жана кант салынган пакеттерди чаптап чыгуу болгон. Бул жерден балалык фантазиясы ойгонгонун айтат.”Биз  желимдерди чапташ үчүн воскту колдончубуз мен ишти жеңилдетиш үчүн  герметик электр машинкасын колдонууну ата-энеме сунуштадым.Алар макул болушту. Бул чакан өзгөрүү бирок мындай өзгөрүш кийин ишти ого бетер жакшыртты”,-дейт ал.     

3.  Байлыктын алгачкы кадамдары - оор эмгек 

Инджап  белгилейт: анын  ата-энеси  көп жылдар бою тер төгүп эмгектенген. Бирок дал ушундан улам болочоктогу миллиардер оор эмгектин маанилүү экенин аңдап-билген. Ал ата энеси өз бизнесин куруп жатып анда бет келишкен кыйынчылыктарды кантип жеңгенин белгилейт. Филипиндик бул маалыматты бей аң сезими менен кабыл алганын кошумчалайт.    

Инджап өзүнүн алгачкы ишин ачкан кезде ал көп сааттар бою каржалып, жан үрөп иштегенин айтат. “Ишти алгач ачкан учурда биз таптакыр  уктабай жүрчүбүз. Бирок бала кезимде башымдан өткөн кыйынчылыктарым бизнестиги оордукту жеңип кетүүгө мүмкүндүк берди. Ошондуктан Инджап “иштесең тиштейсиң”, “маңдай тер төгүп тапкан эмгек татуу болот” деген ыкманы балага үйрөтүү сиңирүү керек деп эсептейт. Көп учурда бизнес баштагандар алгачкы кыйынчылыктарда эле жеңилип беришет.

  4. Балдарга алардын болочогунда туруктуу жашоону камсыз кыла турган баалуулуктарды үйрөтүңүз!   

Миллиардер чоң сумма жаш адамга абдан чоң сыноо болот деп эсептейт. Ал өзүнүн капиталын иштете алабы же акча аны сындырып коебу жаңы гана бай болгон адамдын моралдык сапатынын көз каранды.    

“Акча сиздин жеке сапатыңызга, мүнөзүңүзгө жана өзүңүздү кандай сезип жатышыңызга карата чоң сыноо. Бирок ата-энем мага моралдык баалуулуктарды, чынчыл болууну, адамгерчилик кылууну, бирөөлөрдүн эмгегин жебегенди, бизнести таза жүргүзүүнү, калп айтпоону, уурдап албоону үйрөттү”,-деп жазат Эдгар Инджап.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11170



Добавить комментарий