Бишкек ТЭЦиндеги аварияга карата кылмыш иши козголду

30 января 2018 12:13 736 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратура тарабынан Бишкек жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу  КРнын Кылмыш кодексинин “ишине шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Иликтөө иштери Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо боюнча жагдайдын айланасында топтолгон мтериалдардан улам башталган.

Анын негизинде Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитети, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому, “Электр станциялары” ачык акционердик коому жана Бишкек ТЭЦинин чиновниктери күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө кызматтык милдеттерин так аткарбаганы аныкталды. Анын негизинде белгисиз себептерден улам  жаблуу техникалык бузулууга туш болгон.

Мунун кесепетинен шаардын ири бөлүгү жылуулуксуз калды. Учурда кылмыш иши тиешелүү органдарга берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content11167



Добавить комментарий