Россия эмгек мигранттары үчүн Green card киргизиши ыктымал

30 января 2018 08:11 869 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын стратегиялык иликтөөлөр борбору өлкөнүн мигранттар үчүн анча жайлуу болбой калганын белгилеп, чет элдик жумушчу күчүн тартып келүүгө тез арада атайын чараларды колдонууну сунуштады. Бул тууралуу «Фергана» агенттиги маалымдады.    

Борбордун баяндамасында айтылгандай, Россиянын эмгекке жөндөмдүү калкынын саны кыскарып жатат жана мигранттарсыз эмгек рыногун элестетүү кыйын. 2030-жылга чейин эмгекке жарамдуу калктын азайышы 11-13 миллион адамды түзөт.

 Буга байланыштуу борбор Россия Американын Green card же болбосо Европанын Blue cardты сыяктуу системаны киргизүүсү кажет экенин талап кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content11152



Добавить комментарий