Сулууланам деген кыз бутун үшүккө алдырды (фото)

29 января 2018 17:23 1103 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Астана шаарында болгон катуу суукта көчөгө жеңил кийинип чыга калган кыздын буттарын үшүк алып кетти. Ал эртең менен КАЗГЮУ университетине барыш үчүн үстүнө жеңил куртка жана жука капрон калготки кийип чыккан. Бирок окуу жайга барбай эле ооруканага жатып калды.

Кыздын буттарын I  жана II даражада үшүк алып кеткендигин дарыгерлер белгилешүүдө.Учурда анын абалы жакшы болуп ооруканадан чыкты.

 Кыздын обу жоктугу айрым жаштарга сабак болсун деген колдонуучулар анын сүрөттөрүн бөлүшүп жатышат.

Эскерте кетсек, Казакстанда  өткөн жуманын башында аномалдуу суук аба ырайы болуп, Астанада суук минус -35 градуска жеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11140



Добавить комментарий