Бишкекте үйүнө газ жагып жылынгандар көбөйдү
Поделиться в:
Акыркы үч күндө Кыргызстандын түндүгүндө жаратылыш газын колдогондордун саны 40 пайызга чейин жогорулады. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
26-январга чейин жаратылыш газын колдонуунун орточо суткадагы керектөөсү 1,2 миллион кубометрди түзгөн болсо, 26-январдан 29-январга чейинки аралыкта анын көрсөткүчү 1,7 миллион кубометр болду.
“Азырынча газ куурларында жарылуу каттала элек. Иш штаттык режимде жүрүп жатат”,-деп маалымдайт «Газпром Кыргызстан».
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек ТЭЦинде дагы бир авария катталды.Энергетиктер күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content11138
Добавить комментарий ×