Эркектин эсин эки кылган айымдар кандай болот?

29 января 2018 16:13 46804 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Мырзалардын көңүлүнө жагып, аларды жипсиз байлап алган айымдардын түрлөрү барбы? Же болбосо мунун баары мырзалардын жеке табитинен көз карандыбы? Анткени жигиттер айрым айымдарды сүйүп башы айланып калса, башкаларына таптакыр көңүл бурбайт.

Эркектерди магниттей тарта турган аялдардын жалпы сыпаттары боюнча  төмөндө билип алганыңыз ашыкча эмес. Кеттик анда!

Бала кыял аял

Баладан өткөн сүйкүмдүү көрүнгөн ким бар? Бала кыял кыздар жигиттерге абдан жагат. Эгерде аялда баланыкындай кандайдыр бир мүнөздөр болсо чыныгы мырзалар аны коргогусу келип турат. Албетте ал өзү балалык сезимдерден жогору өскөн адам болсо. Мырзалар мындай аялдардын шайырдыгын, оюнкарактыгын жактырышат. Себеби бое сезим, бала кыял айымдар кыйын жана зериктирме жашоону көрккө бөлөп күн сыяктуу жаркырап чыга келгенге даяр.

Бирок ашыкча кеткенге болбойт. Антпегенде чоңойбой калган “бала” ал тургай эң сабырдуу эркекти да тажатып жиберет. 

Табышмак аял

Баардык эркектер аялдардын бир аз да болсо табышмактуу, сырдуу  болушун каалашат.  

Ал тургай  аял жашырып жүргөн сырдуулуктар менен табышмактардын арасында жакшы нерсе көп болсо да дешет. Анткени аялды күн сайын кызыктуу китептей ачып окуп туруу ага карата мамилени жакындатат. Жаратылышта баардык сырдуу нерселер өзүнө тартат жана гипноздоп алат эмеспи. Бул жерде да ошондой. Айрым жашыруун, ошол эле маалда сиздин мырзаңыз мурда билбген сырларды сюрприз кылганда мурдаган мамилени да калыбына келтирүүгө көмөкчү болот.

 Уялчаак, назик айымдар

 Көпчүлүк эректерди аруулук жана тазалык өзүнө тартат. Жибектей чоюлган кыз экен деген сөздү угуп жүрсөңуз керек. Айрым мырзаларга  чындап эле уялчаак, адептүү, тартиптүү кыздар жагат. Эгер кыздар бае болсо аларга акыл үйрөткүсү келген мырзалар өздөрүн  акылман сезип отуруп аялдын торуна  кантип түшкөнүн байкабай калат. Аялга бир нерсени айтып ага мугалим болгон учур кээ бир мырзаларга майдай жагат. Себеби эркек бое сезим аялдын жанында өзүн баатыр жана коргоочу сезе алат.

 Активдүү аял   

Мырзаларды драйв  жана экшен дайыма кызыктырып келген жана кызыктыра бермекчи.

“Бирок андан ары кетпей мисалы жөн гана велосипедди мыкты тээп же атка мыкты минип, парашют менен секирүүүнү жана спорт менен достошууну өздөштүргөн болсоңуз анда  сизге суктаган мырзаларды сөздүз таба аласыз”,- деп кеңеш беришет психологдор айымдарга.

 

 Өзүнө ишенимдүү аял

Мырзалардын көзүнө өзүнө ишенимдүү болгон жана ийгиликтүү карьера кура алган аялдар да абдан тартымдуу көрүнөт. Бирок аялзаты блу жерде өзүн адекваттуу баалай билиши керек, ашыкча бой көтөрүп, текеберденген аял эч кимге жакпайт. Аял өзүнүн алсыздыгын күчтүү эркектер менен тең жарыштыра албайт.

Канчалык кыйын аял болсо да мырзалардан көмөк сураган аял алардын көзүнчө эң мыкты болуп саналат. Мындай жол менен мырзалардын өзүнө карата ишеними дагы көбөйөт.

 Эне болгон аял

 Эркек баары бир  табиятында чоң бала бойдон кала берет. Ал жан дүйнөсүнүн бир бөлүгүндө аялдын мээрими менен камкордугуна муктаж. Мырзалар жүрүм-туруму өзүнүн апасыныкына кайсы бир нерселери менен окшош аялдарды дароо жактырышат.

Абдан стилдүү айым

Өзүн абдан жагымдуу алып, тыкан, стилдүү кийинип баарын орду орду менен алып жүргөн жагымдуу аял дагы мырзаларды абдан кызыктырат. Бирок мындай “кычыраган” айымга ал тургай эң күчтүү эркек да келип сөз айта албай калышы ыктымал. Ошондуктан айымдар таанышууга өздөрү дар экенин билдирүүлөрү кажет.

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11134



Добавить комментарий