Үшүгөндөргө жаман кабар. Бишкек ТЭЦинде дагы бир авария катталды
Поделиться в:
Бишкек ТЭЦинде дагы бир авария катталды. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунан кабарлашты.
60 миллиметрлик түтүк №24 котелду ишке кошо турган маалда жарылып кеткен. Учурда аны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары №23 котлоагрегатты ишке кошууга даярдык көрүлүүдө, азыркы тапта түйүндөгү суунун жылуулугу 50-60 градусту түзүүдө. Чыңалган абал сакталууда.
Эскертке кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болгон. Учурда шаардыктар үйлөрү жылыбай жатканын айтып даттанышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content11126
Добавить комментарий ×