Катуу сууктан улам Бишкектеги маршруткалардын күйүүчү майы тоңуп жатат

29 января 2018 12:14 928 Barometr
Поделиться в:
ok

Катуу сууктан улам  Бишкекте маршруткалардын жана автобустардын  күйүүчү майы тоңуп,бузулуп калган учурлар көп катталууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Каттамга чыккан коомдук транспортторго колдонулган күйүүчү май тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар тезден кездешип жатат. Ошондой эле, акыркы эки күндүн ичинде коомдук транспорттор эртең менен от албай, каттамга чыккан транспорттордун саны кескин солгундады. Өзгөчө эртеӊ мененки убакытта коомдук транспорттор менен бара турган жериӊиздерди алдын ала пландап алууӊуздарды жана зарыл муктаждык болбосо, бара турган жериңиздерди башка убакытка пландаштырыңыз",-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11123



Добавить комментарий