31-январда Ай тутулат жана асманда сейрек кездешчү үч кубулуш бир болот

29 января 2018 09:21 3445 Barometr
Поделиться в:
ok

 31-январды астрономдор өзгөчө күтүп жатышат, бул түнү 150 жылда алгачкы ирет асманда көгүлтүр Ай, Жерге абдан жакындаган Ай жана Айдын тутулуу кубулуштары бир убакытта болуп өтмөкчү. Бул тууралуу Гисметео маалымдады.

Бишкекте бул көрүнүштү кечки саат 19.29та байкоого болот.  

Айдын тутулуусу кадыресе көрүнүш болгону менен жогоруда саналып өткөн үч кубулуштун бир убакытта дал келиши акыркы ирет 1866-жылы 31-мартта Түндүк Америкада болгон.

Бул мезгилде айрым адамдарда эмоциялык жактан туруксуздук байкалып, ар түрдүү оорулардын козголушу мүмкүн экенин айрым астрологдор эскертүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11105



Добавить комментарий