-20 градуста сууга түшүп каза тапты. Бул ирет улакчыны куткара алышкан жок

29 января 2018 07:50 1102 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районундагы Ак-Бата жаңы конушунда көк-бөрү оюну болуп жаткан убакта улакчы аты менен муз аралаш сууга түшүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

44 жаштагы кишинин аты суудан аман чыгып, бирок өзүн куткарууга мүмкүн болбой калган.

27-январда саат 16:26да ӨКМнын Бишкек жана Аламүдүн районуна караштуу куткаруу тобу кырсык болгон жерге барып, саат 17:00дө улакчынын сөөгүн алып чыгышты.

Эскертке кетсек, 27-январда Бишкекте  күндүз -20 градуска жакын суук болду. Ага чейин социалдык тармактарда ушул эле жаңы конушта көк бөрү тарткан жигит сууга түшүп кеткен улакты  алып чыкканы тууралуу видео жарыяланып кызуу талкууга түшкөн болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11099



Добавить комментарий