Хабиб Нурмагомедовдун 102 жаштагы кыргызстандык күйөрманы

29 января 2018 07:15 767 Barometr
Поделиться в:
ok

Хабиб Нурмагомедов 102 жаштагы кыргызстандык карыя менен түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялады. Анын айтымында карыя анын фанаты.

 “Аксакал менин эң улгайган күйөрманым экен. Ал кыргызстандык, өзүнүн айтымында март айында 103 жашка толот экен. Эрежесиз мушташты 1993-жылдан тартып көрүп келе жатканын, ал эми менин кармаштарымды 2012-жылы- дебютум башталган күндөн бери карап келерин айтты. Аллах таала ага жана анын үй-бүлөсүнө өмүр, бакыт-таалай берсин”,-деп жазды Хабиб Нурмагомедов өзүнүн баракчасына.

Эскерте кетсек түпкү теги дагестандык Россиянын спортчусу Хабиб Нурмагомедов 29 жашта. Ал  UFC ( Абсолюттук күрөш чемпионаты) спорттук уюму өткөргөн эрежесиз кармаштарда жеңил салмак категориясы боюнча күрөшөт.

Мушкер Кыргызстанга Кыргыз улуттук олимпиада комитетинин чакырыгы менен 23-январда учуп келген. 24-январда ал соода борборлорунун биринде он миңдей күйөрмандары менен жолугушкан.

Нурмагомедов Евразиянын күрөш, Россиянын самбо, Европанын панкратион боюнча чемпиону, ошондой эле самбо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/content11098



Добавить комментарий