Караколдогу зоопаркта карышкырды жаныбарлар катуу тиштеп тыткылашты
Караколдогу зоопарктан келген кишилер канга боелгон 12 жаштагы ургаачы карышкырды байкашкан. Бул тууралуу социалдык тармактарда журналист Канат Каниметов билдирген.
Каниметов, жаныбар алган жаркатынан улам өлүп калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
"Канга боелгон, ой жок тыткыланган карышкыр. Мени бүдөмүк ойлор кыйнап жатат»,-дейт ал.
Колдонуучулар зоопарктын жетекчилигин бул жаныбарды сактап калууга чакырышууда.
Зоопаркта иштеген жумушчунун айтымында, бул жаныбарды аны менен чогуу бир аянтчага камалган бөлөк карышкырлар тыткылап тиштеген.
"Клеткада карышкырлар урушуп-талаша кетишкен, аларды араң эки жаккка ажыраттык. Ургаачы карышкырда бөлөк жерде камап жатабыз»,-деп билдирди ал редакцияга.
Ссылка: https://barometr.kg/content11092
Добавить комментарий ×