Денесинен 16 ийне табылган наристе комага түштү

27 января 2018 13:24 2199 Barometr
Поделиться в:
ok

Денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган 11 айлык наристе биринчи даражадагы комада жатат. Бул тууралуу 25-январда Ташкенттеги Республикалык илимий борбордон билдиргенин Борбор Азия кабарлар кызматы жазды. Күн мурун Интернетте наристенин чарчап калгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Дарыгерлер 11 айлык баланын абалы оор экенин, бирок анын өмүрү үчүн күрөш уланып жатканын айтышты. «Наристе тирүү, бирок 1-даражадагы кома абалында жатат. Анын жашап кетүү ыктымалдыгы абдан төмөн», — деп билдиришти алар.

Мурдараак Фергана облусунда жашаган 11 айлык наристенин денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылганы кабарланган. Андан соң ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо он саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алып чыгышкан. Калган ийнелерди баланын жаш курагын эске алуу менен кийинки операция учурунда алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Анализ учурунда ийнелер баланын организминде эки айдан бери жүргөнү аныкталган.

Азырынча ийнелер наристенин денесине кандай жол менен киргени белгисиз. Алар дененин ар кайсы бөлүгүндө болгондуктан, медиктер наристе аларды өз алдынча жутуп ала алмак эмес дешүүдө.

Жакында эле Орусиядан кайтып келген наристенин атасы ийнелер кандай жол менен баланын денесине киргенин билбейт. Апасы тергөө органдарында сурак берип жаткандыктан, аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Өз булактардын билдиришинче, 22-январда баланын дене табы көтөрүлүп, апасы аны элдик медицина менен алектенген тууганына алып барган.

Ссылка: https://barometr.kg/content11086



Добавить комментарий