Телефондун айынан 13 жаштагы кыз жанын кыйды

27 января 2018 13:15 1235 Barometr
Поделиться в:
ok

Талдыкоргондо 13 жаштагы окуучу кыз, ата-энеси ага гаджет менен колдонууга уруксат бербегени үчүн өзүн-өзү асып алды. Бул  тууралуу КТК билдирди. «Бизге белгилүү болгондой, кыздын энеси ага телефон колдонууга тыюу салган, балким, кырсык ошондон улам болгондур. Суицид фактысы иликтенип жатат. Телефон экспертизага берилди. Анын жыйынтыгы 2 айдан кийин чыгат»,-деп билдирди Талдыкоргондун акиминин маалымат катчысы Данияр Жаныс билдирди.

Ошол күнү кыздын ата-энеси, кызына спорттук секцияга барууга тыяюу салышкан жана телефонду көп колдонгону үчүн эскертүү беришкен.

7-класстын окуучусу бөлмөсүнө бекинип алып асынып алган.

Ал үй-бүлөдө балдардын улуусу болчу.

«Биздин мектепте бул кыз 1-класстан баштап окуп баштаган, жакшы окучу. Ошондой эле ал баскетбол менен алектенип, ырдап-бийлеп жүрчү, абдан таланттуу кыз эле. Анын көп досу бар болчу»,-дейт мектептин директорунун орун басары Динара Татенова.

Ссылка: https://barometr.kg/content11085



Добавить комментарий