Кореяда оорукана өрттөнүп, 40тан ашуун киши каза тапты
Түштүк Кореядагы ооруканада чыккан өрттүн кесепетинен 41 киши каза тапты, 70тен ашуун жаран жабыркады. Болжонгондой, өрт өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында орун алган Милянг шаарындагы Седжон ооруканасында болгон. бул учурда оорукананын имараты менен кошуна жайгашкан карылар үйүндө болжол менен 200дөй бейтап болгон.
Бул өрт, өлкөнүн тарыхында он жыл ичиндеги курман болгондордун саны боюнча эң ири кырсык аталды. Учурда каза болгондордун саны дагы өсөт, анткени куткарылгандардын баары азыр кооптуу абалда деп айтылууда.
Өрт өчүрүүчүрдүн айтымында, курман болгондордун баары түтүнгө тумчугушкан. Алардын ичинде бейтапкананын 3 кызматкери бар.
Буга чейин полиция 41 киши каза болгонун кабарлаган болчу. Кореялык басылмалар билдиришкендей, бул оорукана кары-картаңдарды дарылоо жана аларга камкордук кылуу жаатында иш алып барат.
Бийлик, өрттүн себеби дале белгисиз экенин билдирүүдө.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өрткө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Белгилесек, аталган оорукана 2008-жылы ачылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content11084
Добавить комментарий ×