Кыргызстандын балбандары Ирандагы турнирден алтын тагынып келди

27 января 2018 12:38 932 Barometr
Поделиться в:
ok

Грек-рим күрөшүнүн балбандары Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов Иранда өткөн Takhti cup эл аралык турниринин алтына медалын тагынышты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалды.

Белгилесек, турнирде медалдар үчүн 15 өлкөнүн спортчулары ат салышкан.

Турнирдин экинчи күнү анын алкагында, коло жана алтын медалдар үчүн беттешүүлөр болду. Финалда 60 кг салмактык категориясындагы мелдеште кыргызстандык  Каныбек Жолчубеков ирандык балбан Мехрдад Мардани менен беттешкен. Бул күрөштө кыргызстандык спортчу мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Белгилесек, бул салмактык категорияда Рустам Тейишов дагы күрөшкөн. Дагы бир кыргызстандык Калы Сулайманов, 63 кг чейинки салмактык категориясында казакстандык балбан Кудайберген Турсынов менен беттешип, жыйынтыгында 7:2 эсебинде Сулайманов жеңишке жеткен.

Бул салмактык категориясында ошондой эле Урмат Аматов беттешке чыгып, Грузиядан келген спортчу Кхвича Тчитаны жеңип, коло медалдын ээси болду.  

Ссылка: https://barometr.kg/content11083



Добавить комментарий