Бишкек ЖЭБинде авария болуп үйлөрдүн ичи суук

27 января 2018 11:54 1019 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 26-январда, кечки саат алтыларда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Буга ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү бир жабдуусунун иштен чыкканы себеп болгон. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирген.

​Аныны айтымында, суунун температурасы +84 градустан +62 градуска дейре төмөндөгөн.

"Азыркы тапта штаттык температуралык режимди калыбына келтирүү жумуштары аткарылып жатат. Жакынкы убактарда шаардыктарды жылуулук менен камсыз кылуу иштери дагы жөнгө салынат»,-дейт ал.

Эске салсак, ​Кыргызстанда 26-январдан тартып катуу суук башталды. ӨКМ, 26-29-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, өлкө боюнча аномалдуу суук аба ырайы болорун шашылыш билдирген. Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15-20 метрег чейин жетет. "Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болуп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11081



Добавить комментарий