Оор кылмыш жасап издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвадан табылды

26 января 2018 18:05 1534 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча биргеликте жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыш жасаганы үчүн качып, издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
2018 жылдын 24 январь күнү Россия Федерациясынын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери КМШ мамлекеттеринин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросунун жардамы менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармашты.
Бул операция Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүмү (жасалма акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасоо жана сатуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөрүлдү. Кармалган адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп чыгып, Ош шаарынын жашоочулары экендиги маалым болгон. Алар:
-1984-жылы туулган М.И., мурда каракчылык фактысы боюнча соттолгон, Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) жана 167-беренелери (каракчылык) боюнча издөөдө жүргөн;
- 1994-жылы туулган М.А.;
- 1986-жылы туулган Ш.М..
Маалымат боюнча, кармалган жарандар Россия аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган кылмыш дүйнөсүнүн адамдары менен байлыныштары бардыгы тастыкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды кармоо учурунда жанынан жасалма белгилери байкалган 10 даана 5 000 рубль акча каражаты табылган.
Москва шаарынын Люблино району боюнча бөлүмүнүн тергөө башкармалыгы тарабынан жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар Россия Федерациясынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 91-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кошумча териштирүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын бирөөсү Кыргызстанда оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган. 2015-жылы Ош шаарында адам өлтүрүүгө аракет жасоо боюнча кылмыш иши козголгондугун билдиргенбиз. Тактап айтканда, 2015-жылдын 19-мартында болжол менен саат түнкү 23:00 чамасында Рудаки атындагы спорттук-мектеп комплексинин жанынан денелери күйгөн абалда жаткан эки адамды табышкан. Жабыркагандар алган жаракаттарынын кесепетинен аймактык ооруканага жеткирилип, алар алар Ош шаарынын 33 жана 34 жаштагы тургундары экендиги аныкталган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жабырлануучуларды белгисиз адамдар тоноо аркылуу жеке буюмдарын алышып, өздөрүн сабашкандыгы билинген. Андан соң, кылмышкерлер жабырлануучулардын тулку боюна бензин чачып, өрттөп жиберишкен соң, кетип калышкан. Жабырлануучулардын биринин денесинин 50-60 %, экинчисиники 20% күйүп калган.
Бул кылмыш иши бейбаштыктын айынан жасалган. Аталган факты боюнча Ош ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) жана 167-беренелери (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ош ШИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде үч күндөн кийин жогорудагы оор кылмыш ишине шектүү катары 1985-жылы туулган Ю.Ф. аттуу жаран кармалган. Жыйынтыгында кармалган жаран соттолуп көп убакытка эркинен ажыратылган. Бул оор кылмыш ишине тиешеси бар башка “Изатилла” аттуу шектүү жарандын үстүнөн издөө жарыяланган.
Жакында Москва шаарынан жасалма акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасаган шектүүлөрдү кармоо боюнча операция жүргүзүлүп, булар менен чогуу Кыргызстанда адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактысы менен издөөдө жүргөн “Изатилла” аттуу шектүү кармалган.
Учурда комплекстүү ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11074



Добавить комментарий