Мекендештерди Кореяга мыйзамсыз жөнөткөн жигит кармалды

26 января 2018 17:54 1205 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигине 44 жаштагы И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Улан” аттуу жигит арыз ээсинин Н.у.А. аттуу баласынын жана К. аттуу анын досунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, виза жасап берем деп алардан 2450 АКШ долларын алып, Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөтүп салган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы Ш.У. аттуу жашоочусу кармалган.
Азыркы учурда кармалган жаран чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү фактысы боюнча башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандан жабыр тарткандар болсо, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине төмөнкү номурлар аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312 266348, 0553 53 58 52, 0709 39-36-84.

Ссылка: https://barometr.kg/content11073



Добавить комментарий