Ливияда абактагылар элдин көзүнчө өлүм жазасына тартылды

26 января 2018 15:30 1178 Barometr
Поделиться в:
ok

Ливиянын экинчи ири шаары Бенгазиде көчөлөрдүн биринде абактагыларды элдин көзүнчө атып салышты. Бул тууралуу Аль-Арабийа басылмасы жазды. Окуя видеого тартылып жарыяланган. Анда кадрларда көк түстөгү кийимчен 9 киши тизелеп отурганы, көздөрү таңылганы көрүнүп турат. Өлүм жазасы аткарылгандан кийин алардын сөөктөрүн пикапанын багажына жүктөп алып кетишкен.

Басылмадан билдиришкендей, окуя мечиттин жанында болгон. 23-январда бул жерде теракт болуп, андан 35 адам каза тапкан. Өлүм жазасына тартылгандар ким экени маалымдалган эмес.

БУУнун миссиясы мындай катаал жазага тынчсыздануусун билдирген.

«Массалык өлүм жазасын аткаргандар же аны жасоого буйрук берген жактар эл аралык укук боюнча жоопко тартылат»,-деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content11067



Добавить комментарий