Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн 1 кг ашуун маңзат алынды

26 января 2018 15:11 586 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлерине алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 40 жаштагы К. З. аттуу тургундун үйүн соттун чечими менен тинтүү жүргүзүү учурунда мал сарайына катып койгон жапайы кендирден жасалган баңгизаты табылып алынган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эксперттердин корутундусу менен алынган шектүү зат марихуана баңгизаты болуп чыккан. Ал эми, алынган баңгизатынын жалпы салмагы 1 килограмм 245 граммды түзгөн.
Аталган факты боюнча Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмы- жаза кодексинин 246-беренси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мыйзамсыз баңгизатын сактагандыгы үчүн шектелип кармалган адам, жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тил катында калтырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content11066



Добавить комментарий