Данияр Көбөнов Кыргызстандын спортчулары үчүн чет жактан машыктыруучу жалдоону сунуштады

26 января 2018 14:51 1181 Barometr
Поделиться в:
ok

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Данияр Көбөнов, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисине жана Улуттук олимпиада комитетинин башчысына, Кыргызстандын спорттун түрлөрү боюнча курама командалары үчүн чет өлкөлөрдөн машыктыруучуларды жалдоону сунуштады. Бул тууралуу редакцияга спортчу өзү кабарлады.

Ал мындай кайрылуу катын тиешелүү даректерге жөнөткөн.

Катта, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 27 жыл өттү, бул убакты ичинде спорттун күрөш жана башка түрлөрү боюнча дале эч ким же олимпиада чемпиону же дүйнөнүн чемпиону боло албады, деп айтылат.

"Буга байланыштуу менин сунушум – Россия, Иран сыяктуу өлкөлөрдөн үлгү алып, биздин спортчуларды Олимпиада оюндарына жана дүйнөлүк чемпионаттарга даярдай турган чет жактан тажрыйбалуу машыктыруучуларды жалдоо»,-дейт ал.

Спортчу катында белгилегендей, Россия 30 жылдан бери дзюдо боюнча олимпиаданын алтын медалын утпай келген жана белгилүү италиялык машыктыруучу Эцио Гамбуну чакырган.

"Машыктыруучулук көйгөй бизде эле эмес дүйнө жүзү боюнча бар. Олимпиада оюндарында, дүйнөлүк чемпионаттарда ийгиликке жетишүүнү кааласак, анда өзгөрүүлөр зарыл деп ойлойм»,-деп Көбөнов сөзүн жыйынтыктаган.

Эске салсак, азыркы тапта Көбөнов, Азия оюндарында алтын утуп келген жалгыз балбан болуп эсептелет. Ал ошондой эле, Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси жана КРдын эмгек сиңирген спорт чебери.

Ссылка: https://barometr.kg/content11065



Добавить комментарий