Жээнбеков: Ленинград блокадачылары баатырдыктын бийик үлгүсүн көрсөттү

26 января 2018 12:40 700 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарын фашисттик баскынчылардан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер – Ленинград курчоосунун каармандары!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз салт боюнча тарыхый окуяны – курчоодо калган Ленинград шаарын фашисттик баскынчылардан толук бошотуу күнүн белгилеп жатабыз. Ленинград курчоосу –   1,5 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн кыйган тарыхтын эӊ кайгылуу жана улуу сыноо барагы.

Биз ошол эң оор күндөрдө жеңилбес Ленинградда  ачарчылыкты жана кыш ызгаарын каармандык менен жеңген  адамдардын эрдигине таазим этебиз.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, эрдигин эскерип, согуш ардагерлерине чексиз ыраазычылык билдиребиз.

Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун кыргызстандык мекендештерибиз каармандык менен курман болгон.             От күйгөн согуш жылдары кыргызстандыктар курчоодо калган 16 миңден ашуун ленинграддыктарды, анын ичинен 3,5 миң балдарды кабыл алган. Оор күндөрдө элибиз ленинграддыктарды тамак-аш, жылуу кийим менен камсыздады.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курчоодо калган ленинграддыктардын эрдигине теңдеш улуу эрдик дүйнөлүк тарыхта кездешпейт. Курчоодо калган ленинграддыктар дүйнө жүзүнө каармандыктын, майтарылбас эрктин, мекенчилдиктин, Ата журтка болгон сүйүүнүн жана берилгендиктин  бийик үлгүсүн даңазалады.

Согуштун катаал күндөрүндө курчоодо калган жана аны баатырдык менен жеңип чыккан каарман адамдарыбыздын  эрдигине, темирдей бекем эркине таазим кылабыз.

Сиздерге, жакындарыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай,  ачык асман жана бакубат жашоо  каалайм!

Улуу муундарыбыздын эрдиги урпактардын жүрөгүндө түбөлүккө бекем сакталат!».

Ссылка: https://barometr.kg/content11061



Добавить комментарий