Бишкекте 15 киши сууктан тоңуп каза тапты
Поделиться в:
Бишкекте январь айында катуу сууктан 15 киши каза болду, негизинен туруктуу жашай турган жайы жоктор мерт болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
«Өткөн апта ичинде үй-жайсыз 239 тургун табылган. Рейддердин жүрүшүндө жашай турган жери жок жарандар аныкталса алар дароо «Коломто» жана башка социалдык башпаанектерге жөнөтүлөт»,-деп ведомстводон белгилешти.
Эске салсак, Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, өлкөдө ушу таптагы аномалдуу суук аба ырайы 29-январга дейре созулат.
Ссылка: https://barometr.kg/content11057
Добавить комментарий ×