Сокулукта үйлөрдүн биринде меш жарылып, андан бир кыз жабыркады
Поделиться в:
Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Романовка айылында турак үйлөрдүн биринде меш жарылып, анын кесепетинен бир кыз жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгиленгендей, жапа чеккен, 1996-жылы туулган Жанболот кызы Анаранын денесинин 65%ы күйгөн. Учурда ал оор абалда райондук ооруканада дарыланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content11055
Добавить комментарий ×