Өлкөнүн футзал боюнча улуттук курамасы Тажикстан менен ойнойт

26 января 2018 11:13 671 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия-2018 чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында эки көзөмөл матчын ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан маалымдашты.

Бүгүн, 26-январда, Амиржан Мукановдун камкорчулары Бишкекте «Алга» клубуна каршы оюн ойнойт.

28-январда алдыдагы чемпионатка даярдык көрүп жаткан Тажикстандын улуттук курамасы менен жолугушуу болот.

Эске салсак, футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатынын финалдык этабына өткөн. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча топтук этапта команда Иордания, Ливан, Таиланд менен оюнга чыгат. Чемпионаттын матчттары ушул жылы 1-11-февраль күндөрү Тайбэеде (Кытай) өтмөкчү.

Ссылка: https://barometr.kg/content11054



Добавить комментарий