Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен барат

26 января 2018 10:58 623 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 25-январда, Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, президент Сооронбай Жээнбеков алдыда Тажикстанга жасай турган расмий сапарына даярдык көрүү боюнча маселелер козголду. Ошондой эле, тараптарлар эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты.

Ссылка: https://barometr.kg/content11053



Добавить комментарий