Зергер жасалгаларды уурдоого шектелип 4 жаран кармалды

26 января 2018 10:43 596 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-ата РИИБне 1990-жылы туулган К.А. аттуу Новопокровка айылынын жашоочусу (аял киши) кайрылып, 2018-жылдын 13-декабрь күнү саат 14:30тан 22:30 чейинки аралыгында белгисиз адамдар үйгө терезеден кирип, жалпы суммасы 300 000 миң сомдук зергер жасалгаларын уурдап кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул тууралуу вдеомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турган 24 жаштагы Ж.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну, ошондой эле, 26 жаштагы А.А. аттуу Нарын облусунун, 29 жаштагы К.Т. жана 35 жаштагы А.Б. аттуу Чүй облусунун жашоочулары кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын бардыгы мурда соттолгондугу аныкталган. Алардын бирөөсү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №48 абагында жазасын өтөп, келишим боюнча такси кызматын көрсөтүп иштеп жүргөн.
Жашаган жерлерин текшерүү учурунда далил зат катары уурдалган зергер жасалгалардын бир аз бөлүгү табылган.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11052



Добавить комментарий