Укук коргоочу: Акыйкат издеген карыялар сот алдына чыгып кошок кошобуз дешет

26 января 2018 09:12 775 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоочу Рита Карасартова ага жардам сурап кайрылган эки аксакал тууралуу айтып берди. Ал бул боюнча өзүнүн баракчасында билдиргендей, аксакалдар акыйкат издеп жүрүшөт.

«Өкмөттүн тапшырмасы менен Казакстанда кан жолдордун боюна жолоочулар үчүн жылынып, ысык тамак иче турган убактылуу жайлар уюштурулган.

Бүгүн мага эки карыя келип калды. Бирөөсүнүн баласын мыкаачылык менен өлтүрүшкөн, экинчиси 10 жыл мурун үй сатып алып, мошенниктерге кабылып же акчасын кайтарып алалбайт, же мүлккө ээ боло албайт. Экөө тең соттон адилеттүлүктүү таппай келишет. Ошол эки карыянын бирөө келгиле, маданият министрлигинен эмнебиз кем, ошолор деле Маданият министрлигинин маңдайына эс кайран деп өкүрүп келишкен, келгиле биз деле чогулуп Жогорку соттун алдына эс кайран деп кошок кошуп митинг кылабыз, дейт.
Жетимиш жашка келген карыялар ушунчаалык ичиндеги бугун кантип чыгаруу керек, кантип бийлике ый арманыбызды жеткире алабыз, деп, сот алдына кошок кошуп чыкканга даяр болуп калышыптыр»,-деп жазган укук коргоочу.

Ссылка: https://barometr.kg/content11049



Добавить комментарий