Казакстанда суукта калган кыргызстандыктар куткарылды

26 января 2018 08:48 949 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган.

Автобус Жалал-Абад-Пермь-Москва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандык болуп чыкты. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Алардын баары аман-эсен. Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган. Алар жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек.

Казакстанда азыр суук күчөп турган кез. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетерин билдирген.

Өкмөттүн тапшырмасы менен Казакстанда кан жолдордун боюна жолоочулар үчүн жылынып, ысык тамак иче турган убактылуу жайлар уюштурулган.

Ссылка: https://barometr.kg/content11048



Добавить комментарий