Назира Айтбекова: «Баракчама сүйөм, жакшы көрөм деген түрдүү комментарийлер келет»

25 января 2018 19:43 1516 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын белгилүү, таланттуу теле алып баруучусу Назира Айтбекова интернеттеги баракчаларына колдонуучулардан келген түрдүү комментарийлер боюнча пикирин билдирди. «Инстаграмм, ютуб, фейсбук ж.б интернет тармактарынан "Ушу Айтбековага аллергиям бар", "Үнүн уккум келсе өлөйүн", "Үнү сонун", "Сизди аябай жакшы көрөм", "Ушу чыкканда которуп салам", "Сөздөрү жагат. Нукура кыргызча сүйлөйт", "дура", "шерменде", ж.б өлө сүйөм немогулардан мындай комментарийлерди күндө окуйм! Жакшы көрүп, сүйүп түрганына да, жек көргөндөргө да терең ыраазычылык билдирем! Эл алдына чыгып жүргөн адамдын тегерегинде сөз токтоп, тынчып калса, корко башташ керек. Бир гана апамды ушул комментарийлерге көндүрүп алсам, калганы капа кылбайт. Эне да! Баласы тууралуу жакшы сөз чыкса сүйүнүп, жаман сөз укса күйүнүп турат. Ар кандай тема койсо дагы, жазган макалаларымды чыгарып, айланамда сөз жүгүртүп турган интернет сайттарына ("Barometr", "Чагылган" , "Nazar news" , "Шоу бизнес жаңылыктары" ж.б.) терең ыраазычылык билдирем! Баарыңарга жүрөк кенен! Жакшы көрөм!»,-дейт Айтбекова.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11042



Добавить комментарий