Масалиев өкмөттөн өзгөчө кырдаалдан жабыркаган элге берилген ссуданы кечип коюусун өтүндү

25 января 2018 19:23 335 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Исхак Масалиев өкмөткө, 2003-жылы өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен элге берилген 200 000 сом көлөмүндөгү ссуданы кечип коюуну сунуштады. Мындай пикирин ал бүгүн, 25-январда, парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат белгилегендей, ал окуядан бери 10 жылдан ашуун убакыт өттү. Жабыркаган эл өкмөттөн ошондо 200 000 сомдон ссуда алышкан.

Анын пикирине ылайык, эми, ссуданы кайтарып алууну талап кылуу менен элди кууп чыгууга болбойт. “Азыр кишилерди үйүнөн кууп чыкпайсыңарда. Бул мүмкүн дагы эмес”,-дейт ал.

Депутат бул сумманы кечирип коюну сунуштады, анткени өкмөт Көчмөндөр оюндарына 2 млрд сомду деле сарптап жатат. Белгилесек, Көчмөндөр оюндары ар эки жылда өткөрүлүп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11041



Добавить комментарий