Бишкек шаардык сотуна дайындалган эки судья ант беришти

25 января 2018 18:30 442 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 25-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы Айнаш  Токбаев жана Жогорку соттун  судьяларынын катышуусунда Кыргыз  Республикасынын  президентинин 2018-жылдын  22-январындагы  № 9-Жарлыгы  менен  судьянын  ыйгарым укуктарын  жүргүзүү  үчүн Бишкек шаардык  сотуна Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотторунун  судьялары  Жумагул Албанова  жана Азамат Алыбаев салтанаттуу  ант  беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү  болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын  статусу жөнүндөгү” КРдын  Конституциялык  мыйзамынын 5-беренесине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын дайындалган  судьялары ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырышы  ант  берген  күндөн  тартып башталат.

Салтанаттуу  жыйында Жогорку сотунун  төрайымы Айнаш Токбаева  судьялык кызматка  кайрадан  киришип жатышкан  Жумагул Албанова  жана Азамат Алыбаевди куттуктап ийгиликтерди  калаады.

Ссылка: https://barometr.kg/content11039



Добавить комментарий