Эртеңден баштап мектептерге каникул жарыяланат

25 января 2018 14:06 1010 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Улан Примов, Рада Туманбаева, Махабат Мавлянова баштаган депутаттар өлкө аймагындагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу мектептерде каникул жарыялоону демилгелешти. Эл өкүлдөрү мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүүгө байланыштуу жогорудагыдай маселени көтөрүп чыгышты.

Мындан улам, КР Билим берүү жана илим министрлиги болжолдонуп жаткан катуу сууктан улам 26-январдан 30-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотула тургандыгы боюнча буйрук чыгаргандыгы белгилүү болду. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов тармактык комитет сууктун күчөшүнө байланыштуу республика аймагындагы мектептердеги окуу процессин 2018-жылдын 4-февралына чейин токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыгын маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү 30 градуска чейин жетерин белгилешкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content11034



Добавить комментарий