Ошто 16 жаштагы кызды күйөөгө мажбурлап берген чоң апасы түрмөгө кесилди

25 января 2018 12:13 2649 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областында 16 жаштагы кыздын чоң энеси менен кайын энеси никеге турууга мажбурлаганы үчүн жоопко тартылды. Мындай маалыматты Ош областтык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

15 жаштагы кызды былтыр мажбурлоо жолу менен күйөөгө берип коюшкан.  Никеге турганга дейре кыз кош бойлуу болуп калганы үчүн аны «нике» каадасын жасап баланын атасына турмушка беришкен. Иликтөө органдары кыздын күйөөсү, чоң энеси, кайын энеси, нике каадасын аткарган молдого карата кылмыш иш козгогон.

Белгиленгендей, кылмыш иши боюнча чечимди Араван райондук соту кабыл алган.

Өспүрүм кыздын чоң апасы шарттуу түрдө, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми кыздын кайын энеси 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга кесилди.

Кыздын күйөөсүнүн аракеттеринде кылмыштын курамы табылган эмес деген негизде кылмыш иши ачылган жок. Ошондой эле, молдонун дагы күнөөсү далилденген жок, анткени ага нике кыюу учурунда кыз 18 жашка толду деп айтышкан.

Белгилесек, КРдын мыйзамына ылайык, «нике» каадасы нике тууралуу күбөлүктүн негизинде гана жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content11028



Добавить комментарий