Аламүдүн районунда эки өспүрүм сатуучу аялга бычак такап акчасын алган

25 января 2018 11:34 612 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылдын 22-январь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Ленин айылынын 49 жаштагы жашоочусу Т.Е. аттуу арыз менен кайрылган. Себеби, 2018-жылдын 22-январь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында беттерин бет кап менен жаап алган азият улутундагы 20-25 жаштагы балдар жабырлануучунун иштетип жаткан соода дүкөнүнө киришип, колдорундагы ашкана бычак менен коркутушуп, 10 000 сом акчасын алып белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББсинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Чүй облусунун ИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам –издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай Ленин айылынын Т.Э. жана Б.К. аттуу тургундары кармалышкан.
Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content11026



Добавить комментарий