Ак-Ордо конушунда турак жай өрттөнүп кетти

25 января 2018 11:25 751 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, тактасак, 24-январдан 25-январга караган күнү 11 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Ак-Жол көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйдүн 200 чарчы метр аянтындагы чатырын жалын жалмап кеткен, ошондой эле, аянты 100 чарчы метрди түзгөн бастырма дагы күйгөн. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11025



Добавить комментарий