Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалоо фактысы менен кармалды

25 января 2018 11:18 634 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Ички иштер министрлигине арыз менен К.Д. аттуу жаран (аял киши) кайралып, белгисиз жарандар жалпы суммасы 70 000 сомдук акча каражатын опузалоо менен талап кылып жатышкандыгын билдирген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Т.М. менен А.Ж., 1982-жылы туулган С.Ш. аттуу жарандар кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11024



Добавить комментарий