Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга катаал жазалар берилет

25 января 2018 11:12 1671 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеов “КРдын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жол коопсуздугу  эрежелерин  түздөн-түз  бузган адамдардын гана эмес, жол-транспорттук кырсыгына  тиешеси бар  башка  катышуучулардын – жөө жүргүнчүлөр жана мындай транспорт каражатын эксплуатациялоого жооптуу  адамдардын дагы жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу.

Каралган жазалардын санын кыскартуу жана алардын мөөнөтүн жана көлөмүн конкреттештирүү жолу менен күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууда  коррупциялык тобокелдер  азайтылат. 

Кылмыш-жаза кодексинин 281 (Кыймыл коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу), 284 (Мас абалындагы адамга   же транспорт каражатын башкарууга укугу жок  адамга транспорт каражатын башкарууга жол берүү) жана 285 (Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу) беренелерине киргизилген  өзгөртүүлөр жазаны катаалдаштырат жана конкреттештирет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content11022



Добавить комментарий