Кыргызстандын сүт өнөр жайына инвестициялоо келечеги талкууланды

25 января 2018 10:46 598 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында «Yili Industrial Group» (Кытай) сүт компаниясынын башкы директору Чжан Цзяньцю менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын айыл чарба тармагына, тактап айтканда, өлкөнүн сүт өнөр жайына инвестициялоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы атамекендик сүт индустриясынын учурдагы абалы жана анын өнүгүү келечеги тууралуу жалпы маалымат берди. Премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү менен атамекендик сүт продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн өз ишканаларын кеңейтүүгө жаңы мүмкүндүктөр ачылды, бул жалпы тармактын өнүгүүсүнө оңдуу таасирин тийгизмекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/content11016



Добавить комментарий