Жаш гимнастчыларга сексуалдык ыдык көрсөткөн дарыгер 175 жылга кесилди

25 января 2018 09:54 2176 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын спорттук гимнастика боюнча курамасынын мурунку дарыгери Ларри Нассар, медициналык процедураларды жасамыш этип жашы жете элек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн, 40жылдан 175 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу медуза.ру билдирди.

Жети жабырлануучудан тышкары, сотто Нассарды зордуктоого айыптаган 156дан ашуун аял же ал аялдардын туугандары катышып сөз сүйлөгөн.

Буга чейин дарыгер балдар порнографиясын сактап жүргөнү үчүн 60 жылга соттолгон.

1. 40 жылдан 175 жылга түрмөгө кесүү. Бул формулировка, камактагы адам 40 жылдан кийин гана бошонуп чыгуу өтүнүчү менен кайрылууга болот дегенди билдирет. Ларри Нассар Мичиган университетинин дарыгери болчу жана АКШнын спорттук гимнастика боюнча курамасы менен биргеликте иштечү. 2017-жылы ноябрда ал, бир нече кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн мойнуна алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content11011



Добавить комментарий