Интернетте колдонуучулар өлкөдөгү ызгаардуу суук жөнүндө тамашалуу постторун жарыялашты

25 января 2018 09:26 1283 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда катуу суук башталды. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты: 26-29-январь күндөрү республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөп, аномалдуу суук аба ырайы күтүлөт. 26-27-январда жер-жерлерге кар жаап, жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Мындай аба ырайына байланыштуу тиешелүү кызматтар жарандарды бул күндөрү алыскы сапарларга чыгууну пландабоого чакырат. Кыргызстандыктар катуу суукка даярдык көрүп башташты. Айрымдары сыртка чыкпаш үчүн азык-түлүктү мол алышса, кээ бирөөлөр тууган-уруктарына телефон чалып абайлап жүрүүлөрүн эскертип жатышат. Кыргызстандыктардын ичинде алдыда болчу катуу суук аба ырайына тамаша менен карагандар дагы бар. Barometr.kg сайты интернет колдонуучулардын аномалдуу суук тууралуу тамашалуу постторун чогултту.

Колдонуучу Алекс Егоров чыкыроонду чогуу өткөрүүгө жардамдашууга чакырды

«Кымбаттуу достор! Суук башталды. Быйыл дагы алар ызгаардуу болорун айтышууда. Жалгыз бой жашаган улгайган кошуналарга, инилерге, жолдо туруп калган унааларга көңүл буруп коюшуңарды суранабыз. Аларга тамак берип, кошуна кемпирге сүт менен токоч сатып бергиле»,-дейт ал.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11007



Добавить комментарий