Мураталиевди иштен бошотуунун себеби: ал команданын кишиси эмес

24 января 2018 22:05 645 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 24-январда, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун төрага орун басары Бакытбек Мураталиев ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Адилет Бекбоев дайындалган. Бул тууралуу редакцияга өкмөттөгү жеке булактар кабарлаган.

Мураталиев, өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тууралуу» мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кызматынан бошотулган.

​Barometr.kg редакциясы чиновник эмне себептен кызматтан кеткенин аныктады.

​Көрсөтүлгөн буйрукта, өзгөчө тартипте дайындалган жактар, анын ишмердүүлүгү саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн саясат менен кабыл алынган чечимдерге дал келбей калган учурда кызматынан бошой алары билдирилген.

Бирок аталган фонддон жана өкмөттөн, Мураталиевдин кайсы чечимдери жетекчиликтин саясатына туура келбегенин тактап беришкен эмес.

Мураталиев өзү редакциянын суроосуна, ал солдат экенин жана жетекчиликтин мындай чечимине түшүндүрмө бербей турганын айткан.

Ал эми Barometr.kg сайтынын жеке булактары Мураталиевди иштен алуунун болжолдуу себебин билдиришти. Балким, Мураталиевди, өзүнүн командасындагы адамды алып келүү үчүн кызматтан бошотушкан, деп булактар маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/content11003



Добавить комментарий