Давостогу форумга сапар алган кыргыз делегациясынын курамында кимдер бар?

24 января 2018 18:33 718 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылы 22-26-январь күндөрү Швейцариянын Давос-Клостерс шаарында өтүп жаткан 48-Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумуна Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун башчылыгында кыргыз делегациясы катышып жатат.

Barometr.kg редакциясы, делегациянын курамында кимдер бар экенин, жана чиновниктердин сапары кайсы каражаттын эсебинен төлөнгөнүн аныктап көрдү.

 

Демек, өкмөт башчынын буйругуна ылайык, делегациянын курамына киргендер:

 

  • Делегациянын башчысы премьер-министр Сапар Жумакадырович  Исаков; 
  • премьер-министрдин кеңешчиси Султанов Талант Исакович;
  • премьер-министрдин кеңешчиси Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна;
  • өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айдарбеков Айбек Акматбекович;
  • "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча) Солтобаев Азиз Осмонович. 

Коштоочу адамдар: 

  •  премьер-министрдин жардамчысы Акимбаева Бегимай Эмильбековна;
  •  Өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн референти Бабаев Алтынхан Кушбекович;
  •  Өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн референти Айылчиев Сабырбек Сагынович.

 

Өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, кызматтык сапарлардын чыгымы өкмөттүн токтому менен бекитилген нормаларга ылайык уюмдардын эсебинен каржыланган.

 

Түшүнүксүз болгон нерсе-«Кыргызтелеком» коомунун Директорлор кеңешинин жетекчиси эмне себептен расмий делегациянын курамына киргизилген? Компаниянын эсебинен аталган кеңештин башчысын чет өлкөгө сапарга жөнөтүү канчалык деңгээлде максатка ылайыктуу болгон?

Ссылка: https://barometr.kg/content11001



Добавить комментарий