Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү маселеси талкууланды

24 января 2018 17:43 594 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда мамлекет башчысынын “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды.

Жээнбеков жарлыкты жүзөгө ашыруу максатында коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жергиликтүү  мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча пикирлерин талдап чыгуу зарыл экенин белгиледи.

«Мыйзамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өркүндөтүлүшү керек», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү боюнча ишти улантууга чакырды.

Бахтияр Салиев агенттиктин жамааты “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзөрүн белгиледи. Ал жергиликтүү коомчулуктар жарлыкты жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча демилгени колдоп жатышканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10999



Добавить комментарий