Рейддин жүрүшүндө 26 айдоочу мас абалында унааны башкарганы ачыкталды
19-22-январь күндөрү, Бишкек шаардык прокуратурасынын демилгеси менен, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте, «Крутой» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары уюштурулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматтар бөлүмү билдирди.
Иш-чаралардын максаты-мамлекеттик органдарда иштеген кызмат адамдары тарабынан жол эрежелерин одоно бузган фактыларды ачыктоо.
Рейддин жыйынтыгында, айып пул төлөнүүчү жайга 46 транспорт каражаты киргизилип, төмөнкү мыйзам бузуулар боюнча 354 административдик протокол түзүлдү:
- алдыңкы каалгаларынын каптал же бет маңдайындагы айнектери тонировкаланган унаалар – 13;
- атайын үн чыгаруучу жана жарык белгилери бар түзүмдөрдү өз билемдик менен орнотуп алып башкарылган транспорт каражаты- 6;
- тиешелүү документтери жок -32;
- алкоголдук жана наркотикалык мас абалында унааны башкаруу-26.
Учурда көзөмөл органы тарабынан мыйзам бузган кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10997
Добавить комментарий ×