Нурмагомедов КР өкмөтүн аралаш күрөш искусствосун колдоого чакырды

24 января 2018 15:56 732 Barometr
Поделиться в:
ok

"Кыргызстанда аралаш күрөш искусствосун сүйүүчүлөр көп, бирок мамлекеттик деңгээлде артыкчылык, спорттун олимпиадалык түрлөрүнө берилет экен»,-деп эрежесиз уруш чебери, UFC уюмунун эң беделдүү мушкерлеринин бири саналган россиялык Хабиб Нурмагомедов билдирди.

Белгилесек, бүгүн, 24-январда, Бишкекте спортчу күйөмандары менен жолугушуп, алардын жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өз сөзүндө Нурмагомедов, Дагестанда дагы аралаш күрөш искусствосуна анчалыкк колдоо көрсөтүлбөйт, бирок спортчулар өздөрү умтулуп келет деп билдирди. "Бизде бул күрөшкө умтулуу 2000-жылдары башталса, силерде болсо 10 жыл кеч башталыптыр”,-дейт ал.

 

Ал ошондой эле, аралаш күрөш искусствосу бул спорттун олимпиадалык түрү эмес,  буга карабастан ал популярдуу экенин айтып, чемпиондор чыгышы үчүн бул спортту колдоого чакырып кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/content10992



Добавить комментарий