Бишкек шаардык сотунун судьялары дайындалды

24 января 2018 15:36 615 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Судьяларын тандоо кеңешинен президент Сооронбай Жээнбековдун ысымына Бишкек шаардык  сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн  4 талапкер боюнча сунуш киргизилген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

2018-жылдын 17-январында Мамлекет башчысы ал талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары, кошумча берилген материалдар менен таанышып чыгып, президент Бишкек шаардык  сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн  3 талапкер боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунушун  колдоду.

Талапкерлердин бири боюнча материалдарды, мамлекеттик түрдүү органдарынан кошумча түрдө талап кылынып алынган маалыматтарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы бул талапкерди жогоруда аталган соттун судьялыгына дайындоо боюнча  материалдарды  Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңешине  кайтарып берди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер жана Бишкек шаардык  сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан  айрым судьялар боюнча мамлекет башчысы жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлык менен Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңешинин сунушу боюнча  ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек  шаардык сотунун  8 судьясынын  ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-январынан тартып токтотулду.

Экинчи жарлык менен тандалып алынган  3 талапкер - Албанова Джумагуль Кубегеновна, Алыбаев Азамат Артельевич жана Горшковская Ирина Вадимовна  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык  мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматына дайындалды.

Үчүнчү жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек  шаардык сотуна  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10991



Добавить комментарий