Ырыс Жоомартова Мирлан Жетигенов менен бирге тамада болот

24 января 2018 15:36 2174 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү кино ишмер, актриса Ырыс Жоомартова эми тамадалык кесибин аркаламакчы. Бул тууралуу Жоомартова barometr.kgге билдирди.

“Буга чейин жакындарымдын той топурларында, кечелерде тамадалык кылып жүргөн. Бирок, өзүмдү тамадамын деп коомчулукка жар салчу эмесмин. Эми жакынкы күндөрү ырчы, тамада Мирлан Жетигенов менен келишим түзүп, экөөбүз чогуу тамада бололу деп турабыз. Бишкектен тышкары Кыргызстандын башка аймактарына дагы чакыруулар түшсө бармакчыбыз”,-деди Ырыс Жоомартова.

Мындан тышкары ушул жылы жай аларында бир катар кино тасмаларды тарта турганын, азыркы учурда ага даярдык иштерин көрүп жатканын кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10990



Добавить комментарий