ИИМ: Наркотикалык зат камтылган сагыздар тууралуу маалымат чындыкка коошпойт

24 января 2018 15:25 1688 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, окуучулар арасында курамында наркотикалык заттар камтылган сагыздар тууралуу жайылтылган маалымат чындыкка коошпойт деп билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Милицияга, жашы жете электердин ата-энелери жана окуу жайлардын өкүлдөрүнөн арыздар келген эмес.

Наркотикалык сагыздар боюнча чындыкка дал келбеген маалымат көп жылдан бери өлкөнүн аймактарында жайылып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10989



Добавить комментарий